Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усеновдун архивдик сүрөтү

Усенов: президент Өзгөндөгү каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам кылууну тапшырды

166
Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында 300гө чукул куткаруучулар жер көчкү басып калган 24 адамдын сөөгүн издеп жатат.
Усенов: президент Өзгөндөгү каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам кылууну тапшырды

Президент Алмазбек Атамбаев 30-апрелди Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол коюп, Өзгөндүн Аюу-Сай айылында каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө зарыл жардамдарды көрсөтүүнү өкмөткө тапшырды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Алмаз Усенов билдирди.

Өзгөндүн Аюу-Сай айылына барган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, эл менен жолукту
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Эскерте кетсек, Аюу-Сай айылында бүгүн таңкы саат 06:40та көлөмү 1 миллион кубометр болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды жашоочулары менен басып калган.

Алдын ала маалыматтарда, жер алдында 24 кишинин калганы айтылууда. Учурда кырсык болгон жерде ӨКМдин башчысы Кубатбек Боронов баш болгон министрликтин кызматкерлери, бир катар өкмөт мүчөлөрү жүрөт.

Атамбаев аталган трагедиядан жабыркагандарга зарыл болгон жардамдарды берүү боюнча өкмөткө тапшырма берип, элге кайрылуу жасады.

166
Белгилер:
көңүл айтуу, өлүм, кырсык, Жер көчкү, Алмаз Усенов, Алмазбек Атамбаев, Өзгөн
Тема:
Өзгөндүн Аюу айылында 24 киши жер көчкүнүн алдында калды (42)
Тема боюнча
Жер көчкү трагедиясына байланыштуу 30-апрель өлкөдө аза күтүү күнү деп жарыяланды
Авазбек Айтиев: куткаруучулар үйлөрдүн болжолдуу ордун казып жатат
Тулпар долбоорунун ЖМК менен иш алып баруу боюнча адиси Бекжан Акматбеков

Акматбеков: "Тулпар" тиркемеси аркылуу транспорттун кыймылын көрүүгө болот

48
(жаңыланган 13:22 23.01.2021)
"Тулпар" долбоорунун ЖМК менен иш алып баруу боюнча адиси Бекжан Акматбеков адистер Бишкек шаарынын тургундары тиркеме аркылуу транспорттун кыймылын көрүүгө мүмкүнчүлүк берген функцияны кошуунун үстүндө иштеп жатканын айтты.
Акматбеков: "Тулпар" тиркемеси аркылуу транспорттун кыймылын көрүүгө болот

Акматбековдун айтымында, 2020-жылдын аягында активдүү жүргүнчүлөрдүн арасында конкурс уюштурулуп, бир ай бекер жүрүү үчүн карта белекке берилген.

"Долбоор ишке киргенден бери бишкектиктер 140 миңге жакын көк стандарттык карталарды сатып алышты. 42 миңден ашык кызыл карталар жеңилдетилген категориядагы жарандарга берилди жана дээрлик 10 миңдей мектеп окуучулары жашыл карталарга ээ болду. Эми мектеп карталарын долбоордун сайтынан онлайн режимде алса болот. Ошондой эле биз жакында NFC технологиясынын жардамы менен төлөмдөрдү аралыктан жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Эми виртуалдык картаны Android смартфондору аркылуу алып, жүрүү акысын төлөй аласыз. Ал 31-январга чейин акысыз", — деди Акматбеков.

Адис былтыр Бишкекте 1-марттан баштап муниципалдык транспортко жол кирени төлөө электрондук карталар аркылуу жүргүзүлө баштаганын эске салды.

48
Белгилер:
"Тулпар" электрондук төлөм системасы, карта, электрондук билет
Тема боюнча
Бишкекте картасыз, нак акча менен төлөнчү жол кирени кымбаттатуу пландалууда
Жаш маркетолог, ишкер Темирхан Жолонбеков

Жолонбеков: бугу жемпирлерин таштап, балдар кийимин өндүрүп баштадым

43
(жаңыланган 12:09 23.01.2021)
Жаш маркетолог, ишкер Темирхан Жолонбеков биринчи долбоорун жаап, эми балдар кийим-кечесин өндүрүп баштаганын айтты.
Жолонбеков: бугу жемпирлерин таштап балдар кийимин өндүрүп баштадым

Кесибим боюнча маркетологмун. Биринчи жеке ишимди баштаганда 21 жашта элем. Bugu Sweaters бренди менен бугунун сүрөтү түшүрүлгөн жемпирлерди сата баштагам. Алгач товарды сырттан келишим түзбөй эле акча жөнөтүп жиберип алданып калгам. Бул тууралуу Темирхан Жолонбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкекте балдар кийими эки дүкөндө сатылып, франшизасы Кара-Балта, Балыкчы шаарларында да бар.

"Кайсы гана бизнес өнөктөш болбосун сөзсүз түрдө ал адам менен көрүшүп, келишимдин негизинде иштөө керек. Биринчи иш баштаганымда чоң суммадагы акчага алдап кетишкен. Алгач товарга келишими жок эле буюртма берип, акчасын төлөгөм. Кийимдерди көп күткөнүбүз аз келгенсип, сапаты да начар болуп чыккан. Ошондон кийин аны Кыргызстанда тигүүгө өттүк. Башында кардарлар бизде өндүрүлгөн продукцияга анча ишеним артпай жатышты. Себеби өлкөбүздө сапатсыз эле кийимдер чыгарылат деп ойлошчу. Тажрыйбанын аздыгынан улам убакыт менен каражатты кетирдик, бирок акыры рынокто өз ордубузду таба алдык. Эң башкысы өз убагында ачып, кайра өзүм жаптым. Үч жыл иштеп, продукцияны Казакстан, Өзбекстан, Россияга чейин экспорттодук. Ошентип 2020-жылдын башында бизнес-долбоорду сатып жибердим. Бул стартап мага көп билим, тажрыйба, күч-кубат берди. Эң негизгиси иштөөгө, чыдамкайлыкка, кулагандан кийин турууга үйрөндүм. Азыр беш жашка чейинки кичинекей бөбөктөрдүн кийимин өндүрүп жатабыз. Кездемеси Токмоктогу ишканада чыгарылат, фурнитуралары сырттан алып келинет", — деди Жолонбеков.

Ишкер ушул жылдын май айларында товарларын чет мамлекетке чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.

43
Белгилер:
бизнес, ишкер
Тема боюнча
Арстанбекова: чет өлкөгө окууга тапшырчулардын максаты так болушу керек
Санкт-Петербургдагы макулдашылбаган акциялар

Россиядагы макулдашылбаган акциялардын урунттуу учурлары

0
(жаңыланган 23:14 23.01.2021)
Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.

РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.

Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.

Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.

Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады

Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.

Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.

Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.

Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.

АКШ элчилигинин маалыматы жана Россия ТИМинин реакциясы

Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.

РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.

Бийликтин эскертүүсү

Россиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы 23-январдагы макулдашылбаган митингдин уюштуруучулары жана катышуучулары жоопко тартыларын бир нече ирет эскерткен. Иш-чара провокация катары бааланары белгиленген. Муну менен катар Башкы прокуратура интернетке тарап жаткан митингге катышуу чакырыктарын өчүрүү талабын койду (буга мыйзам менен дагы тыюу салынган). РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков акцияга провокаторлор чакырып жатканын билдирип, алардын максаты баарына белгилүү экенин белгиледи.

Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.

0
Белгилер:
полиция, бийлик, акция, Россия
Тема боюнча
Москвада полиция макулдашылбаган акцияга чыккандарды кармай баштады
Токсиколог Александр Сабаев: Навальныйдын ууланганы такталган жок