Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнбеков: өзгөчө кырдаал болгондо чуркабай, анын алдын алууга аракет кылгыла

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевЦеремония открытия обновленного контрольно-пропускного пункта "Токмок-автодорожный"
Церемония открытия обновленного контрольно-пропускного пункта Токмок-автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Ош облусуна болгон сапарынын алкагында кооптуу участкаларды кыдырып, табигый кырсыктын кесепеттерин көрдү.
Жээнбеков: өзгөчө кырдаал болгондо чуркабай, анын алдын алууга аракет кылгыла

Өзгөчө кырдаал жаралганда гана чуркабастан, анын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Мындай пикирин Ош облусундагы кырсыктардын кесепети менен таанышып, кооптуу жерлерди кыдырып жүргөн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү органдардын кызматкерлерине айтты.

"Биз азыр суу, дарыялар көтөрүлгөндө эле чуркап жатабыз. Ошондуктан силер өтө кооптуу делген жерлердин тезмесин эртерээк бергиле. Биз акча бөлөлү. Көп болсо 100 миллион сом болоор. Бирок биз бул иштерди жасашыбыз керек", — деди Жээнбеков.

Ошондой эле ал убактылуу гана жасалып жаткан иштерге нааразы болуп, алгылыктуу иштер жасалышы керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0