Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сманова: депортацияланып анан билеттин айынан кете албай калган мигранттар жокко эсе

© Фото / Арууке СмановаГлава объединения "Биримдик" Канзада Сманова
Глава объединения Биримдик Канзада Сманова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тюмень шаарындагы "Биримдик" диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова буга чейин бир гана учур болгонун кошумчалады.
Сманова: депортацияланып анан билеттин айынан кете албай калган мигранттар жокко эсе

Тюменде депортацияланып, бирок билеттин айынан кете албай калган мигранттар жокко эсе. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Тюмень шаарындагы "Биримдик" диаспорасынын төрайымы Канзада Сманова билдирди.

Эске сала кетсек, Россиянын Ички иштер министрлиги иштеп жаткан мыйзам долбооруна ылайык, жеңил-желпи кылмыш жасаган чет элдиктер өлкөдөн чыгарылбайт. Болгону полициянын коштоосунда билет сатып алып, келген өлкөсүнө кетет. Демилгечилердин айтымында, мындай ыкма депортацияга караганда кыйла жеңил жана ыңгайлуу. Анткени чет элдиктер убактылуу кармоочу жайларда жумалап кармалбайт.

"Депортацияланып анан билети жок убактылуу кармоочу жайда жатып калгандар жокко эсе. Бизде бир эле учур болду. Чүйлүк жигит алты ай отурду. Ал Тюмендеги кыргыздар менен такыр катташпай аны эч ким тааныбайт экен. Акча чогулталы десек эч ким кол сунган жок", — деди Сманова.

Ал калган учурда депортация болгон мигранттардын жакындары, тааныштары акча чогулта калып, билет сатып берээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0