Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Пазылов: россиялык тиш дарыгерлер Бишкекке келип мастер класс өткөрүшөт

© Фото / пресс-служба КГМАЛитератор Абибилла Пазылов
Литератор Абибилла Пазылов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын маалымат катчысы Абибилла Пазылов Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнөн, Германиядан тиш доктурлар келээрин билдирди.
Пазылов: россиялык тиш дарыгерлер Бишкекке келип мастер класс өткөрүшөт

Анын айтымында, конокко келген адистер Кыргызстандын тиш дарыгерлерине мастер класстарды өтүшөт. Ошондой эле иш-чарага студенттер дагы катышат.

"Үстүбүздөгү жылдын 2-3-июнь күнү Бишкек шаарында стоматологиялык хирургия боюнча чоң конференция болот. Анын биринчи күнү Россиядан келген тиш дарыгерлер мастер класс өткөрөт. Экинчи күнү иш-чара Ысык-Көлдүн Сары-Оюнда уланат", — деди Пазылов.

Ал иш-чарага КМШ өлкөлөрүнөн жана Германиядан келген адистер илимий билдирүүлөрүн, баяндамаларын жасай тургандыгын Пазылов кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0