Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шерипова: Чоң Алайда 700дөй киши чатырларга жайгаштырылды

© Фото / Элмира ШериповаӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипованын архивдик сүрөтү
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч күндөн бери Кыргызстандын түштүк аймагында улам-улам жер силкинип жатат. Анын очогу кыргыз-тажик чек арасына чукул аймакта болуп, эң ирисинин күчү 7 баллдан ашкан.
Шерипова: Чоң Алайда 700дөй киши чатырларга жайгаштырылды

Табигый кырсыктын айынын Ош облусунда 66 имарат жараксыз абалга келип, 215 турак үйдөн жарака кеткен. Алардын арасында мектеп, ФАП жана почта имараты да бар.

Жер титирөөнүн айынан үйлөрү жабыркаган 717 адамга 100 чатыр тигилип берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди.

"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чоң Алайга 100 чатыр тикти, аларда 717 тургун жашап жатат. Чатырларда убактылуу жашаганга шарттар бар, электр энергиясы берилген", — деди Шерипова.

Ал ошондой дагы кошумча 200 чатыр жайгаштырыла тургандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 3-майда саат 10:47лер чамасында Тажикстанда күчү 7 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Жер титирөөнүн очогу Баткендин түштүк-чыгышынан 120 чакырым, ал эми Оштун түштүк-батышынан 192 чакырым алыстыкта жайгашкан. Мындай жер титирөө 5-майда болжол менен 11:15 болуп Ошто төрт, Баткенде 2,5-3 баллга жеткен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0