Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мырзаканов: согушта дайынсыз жоголгон 1354 жоокерди таптык

© Фото / Гүлнура МырзакановаОснователь фонда общественного фонда "Эрдик-Подвиг" Каныбек Мырзаканов
Основатель фонда общественного фонда Эрдик-Подвиг Каныбек Мырзаканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Каныбек Мырзаканов мындан жети жыл мурда үй-бүлөсү менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштан дайынсыз жоголгондорду жакындарына таап берүү максатында "Эрдик-Подвиг" коомдук фондун түзүшкөн. Бүгүнкү күндө аталган фонд дайынсыз кеткен 1354 жоокерди табууга жетишти.
Мырзаканов: согушта дайынсыз жоголгон 1354 жоокерди таптык

Мырзакановдордун үй-бүлөсү дареги дайынсыз жоокерлерди Россиянын экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондор тууралуу маалыматтарды камтыган "ОБД Мемориал" сайты аркылу издеп таап берерин Sputnik Кыргызстан агенттигине Каныбек Мырзаканов билдирди.

"ОБД Мемориал" сайтынан бардык каалоочулар согуштан жоголгон жакынын издей алат. Биз болгону интернетке чыга албаган же издөө мүмкүнчүлүгү жок адамдарга жардам берели деп жатабыз. Биз кызматыбыз үчүн бир дагы сом албайбыз", — деди Мырзаканов.

Анын айтымында, жакындарын издеген адамдар телефон чалып, бир нече суроого жооп бериши зарыл. Аларга изделип жаткан адамдын аты-жөнү, туулган жери, согушка узаган аскер коммисариаты жана ким узаткандыгы тууралуу маалыматтар керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0