Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эржигитов: паспорт жоготкондорго электрондук портал ачылды

© Фото / пресс-служба ГРС КРМамкаттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун архивдик сүрөтү
Мамкаттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы саамалыктын жардамы менен документин жоготкондор кайра башынан жаңы паспорт алууга чуркабай калат.
Эржигитов: паспорт жоготкондорго электрондук портал ачылды

Мамлекеттик каттоо кызматы бирөөнүн паспортун таап алгандар болсо калкты тейлөө борборуна же паспорт столго алып келип тапшырууга чакырат. Бул тууралуу Мамкаттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жоголгон паспортторду тапшыргандан кийин анын табылгандыгы тууралуу маалымат электрондук базага киргизилип, e.srs.kg электрондук порталынын документтерди көзөмөлдөө бөлүмүнө жайгаштырылат.

"Мындай жол менен жарандар жоголгон паспортунун табылганы туурасындагы маалыматты онлайн режиминде көрө алат. Жаңы саамалыктын жардамы менен документин жоготуп алгандар кайра башынан жаңы паспорт алууга чуркабай калат", — деди Эржигитов.

Ошондой эле МКК жаңы паспорт алып жаткандар электрондук анкета толтуруп жаткан маалда аты-жөнүн жазууда кылдат болуусу керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0