Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сыдыков: кулаган карусель боюнча иликтөө жүрүп жатат

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков
Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарында 14-май күнү "Алишер Навои" эс алуу жайда карусель кулап 11 адам жабыркаган.
Сыдыков: кулаган карусель боюнча иликтөө жүрүп жатат

Эс алуу жайда кулаган карусель боюнча кылмыш иши козголгонун Ош шаардык ИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Кечээ болжол менен кечки саат 17.30дар чамасында эс алуучу жайлардын биринде карусель кулап адамдар жабыркаганы туурасында кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге Ош шаардык ИИБдин ыкчам иликтөө тобу барган. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 142-беренеси (техникалык эрежелерди сактабоо менен адамдарга залал келтирүү) боюнча иш козголду. Жооптуу кызматкерлерге карата иликтөө иштери жүрүп жатат", — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле техникалык экспертизанын жыйынтыгы чагары менен мыйзамдын негизинде чара көрүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0