Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүров: жер алдындагы өтмөктөгү соода орундарды ишкерлер өз ара бөлүшмөй болду

© Sputnik / Максат ЭлебесовНачальник Управления муниципальным имуществом мэрии Бишкека Султан Омуров
Начальник Управления муниципальным имуществом мэрии Бишкека Султан Омуров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси мэрия соода орундарын бөлүштүрүүгө катышпай тургандыгын баса белгиледи.
Өмүров: жер алдындагы өтмөктөгү соода орундарды ишкерлер өз ара бөлүшмөй болду

Жер алдындагы өтмөктөгү соода орундарды ишкерлер өз ара бөлүшөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Султан Өмүров билдирди.

Эске сала кетсек, мэрия Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан өтмөктөрдү ремонттон өткөрүү чечимин кабыл алган.

"Мэрия жер алдындагы өтмөктөрдүн соода орундарына аралашпайбыз деп чечтик. Соодагерлер уюм түзүп, орундарын өз ара чечишип алмай болду. Биз болгону соода аянтчасын гана түзүп беребиз", — деди Өмүров.

Ал буга чейин ишкерлер соода кылуу үчүн 370 чарчы метрди алып келген болсо, эми 230 чарчы метрге чейин кыскарарын кошумчалады.

Оңдоо иштеринен кийин жер алдындагы өтмөктөр кандай болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0