Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрбекова: 21-кылымдын кадрлары программасынын тагдыры эмне болду?

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекованын архивдик сүрөтү
Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекованын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова аталган программага тандоо жабык түрдө жүргөнүн баса белгиледи.
Өмүрбекова: 21-кылымдын кадрлары программасынын тагдыры эмне болду?

21-кылымдын кадрлары программасы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы жок. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алтынай Өмүрбекова парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эл өкүлү аталган программа менен окуп келип, Кыргызстанда иштеп жаткандарды жолуктурбагандыгын айтты.

"Билим берүү министрлигинен 21 кылымдын кадрлары программасынын тагдыры боюнча маалымат сурагам. Программа канча жылдан бери иштеп жатат? Канча бала окууга кетип, алар кайтып келдиби? кайсыл жакта иштеп жатат? деген суроолорду узаттым. Себеби ал программага тандоо жабык түрдө болгон. Тилекке каршы министрлик маалыматыбыз жок, программаны президенттин аппараты билет деген жооп узатты", — деди депутат.

Эл өкүлү аталган маселе боюнча өкмөт менен президенттин аппараты маалымат бериши керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0