Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эрлан Жыргалбек уулу: тойдогу ысырапкорчулукту жоюу үчүн акысыз кызмат кылабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Эконом kg" долбоорунун жетекчиси Эрлан Жыргалбек уулу маек учурунда
Эконом kg долбоорунун жетекчиси Эрлан Жыргалбек уулу маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аш-тойлордогу ыксыз чыгымдарды кыскартуу максатында "Кыргыздар" эл аралык ассоциациясынын "Эконом kg" долбоору түзүлдү. Алар сиздин тоюңузда бекер кызмат кылышат.
Эрлан Жыргалбек уулу: тойдогу ысырапкорчулукту жоюу үчүн акысыз кызмат кылабыз

Той ээлери акысыз кызмат алуу үчүн бир нече шарттарга макул болушу керектигин долбоордун жетекчиси Эрлан Жыргалбек уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде билдирди.

"Эң негизгиси тойго келген коноктордун саны 150дөн ашпашы керек. Дасторконго тамак-ашты ашыкча эле жайната бербей, эки түрдүү ысык тамак берүү менен чектелип, спирт ичимдиктери коюлбайт. Мал союу жагын да колго алып жатабыз. Негизи ошончо адамга эки кой деле жетет экен", — деди Жыргалбек уулу.

Ал ошондой эле, оюндар үчүн берилген белектерге тарыхый, адабий жана адеп-ахлак китептери берилүүсү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0