Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бейшеналиев: Балыкчы мэриясынын өкүлдөрү тажрыйба алмашуу үчүн Ошко келди

© Фото / Адилет БейшеналиевБалыкчы мэриясынын маалымат катчысы Адилет Бейшеналиев
Балыкчы мэриясынын маалымат катчысы Адилет Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай сапар буга чейин Бишкек шаарына жасалган болчу.
Бейшеналиев: Балыкчы мэриясынын өкүлдөрү тажрыйба алмашуу үчүн Ошко келди

Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов өлкө аймагындагы шаарлар менен бирдиктүү иш алып баруу максатында атайын делегацияны жетектеп Ош шаарына келди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Балыкчы мэриясынын маалымат катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди.

"Биздин негизги максат тажрыйба алмашуу болуп эсептелет. Ош мэриясы тазалык, жашылдандыруу жаатында жакшы ийгиликтерге жетүүдө. Мэриянын иштөө методдору, каржылоо маселеси бизге өтө кызык", — деди Бейшеналиев.

Ал ошондой эле атайын делегация буга чейин Бишкек шаарына келип кеткенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0