Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атабаев: битир канчалык көп болсо ошончолук сооптуу болот

© Фото / пресс-служба ДУМК КРМуфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев битирдин баасы базарга карап бекитилгенин баса белгилейт.
Атабаев: битир канчалык көп болсо ошончолук сооптуу болот

Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмү 30 сом деп бекитилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, рамазан айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 30 сомдон эсептелди.

"Битир-садага буудайдан башка ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен да өлчөнөт. Алсак, мейиз – 368 сом, ун – 35, арпа – 48 сом болсо, курманын битирге тиешелүү баасы 380 сом деп эсептелди", — деди Атабаев.

Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришкендей, мусулмандар жогоруда көрсөтүлгөн сумманын каалаганын тандаса болот. Бирок муктаждарга көбүрөөк жардам берүү үчүн эң жогорку баа менен битир берүү сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0