Бишкек шаарында болуп жаткан жол кырсыктарына бир эле эмес, бир нече тараптар күнөөлүү деп айтып берди "Кайгуул ТВ" программасынын алып баруучусу Азият Жекшеев Sputnik Кыргызстан агенттигине.
"Эки жылдан бери ушул тармакта иштеп жүрүп, бир нерсени байкап калдым. Жол кырсыктары боюнча айтсак, бул жерде баары күнөөлүү. Айдоочунун тарбиясы жок, ишин кээ бир учурда так аткарбагандыктан МАИ кызматында да бар. Жолдорду талапка ылайык жасай албагандыктан, Траспорт министрлиги менен мэриянын күнөөсү жок эмес", — деди Жекшеев.
Ал көп көчөлөрдө түндө жарыктын жоктугу да кырсыкка себепкер болгондугун кошумчалады.
"Мен деле айдоочу катары жүрөм. Жөө жүргүнчү өтүп бара жатканын дал маңдайыңа келгенде көрөсүң. Ал эми катуу ылдамдыкта келе жаткандар кишини сүзүп эле кетиши мүмкүн. Бул жерде ведомстволор ортосундагы биргелешип алып барган иштин жоктугу маселе жаратат", — деди ал.
Республикада өзгөчө акыркы учурда жол кырсыктары арбын катталып, аларды ичинде адам өмүрүн алган учурлар көп учурап жатат.
Акматбековдун айтымында, 2020-жылдын аягында активдүү жүргүнчүлөрдүн арасында конкурс уюштурулуп, бир ай бекер жүрүү үчүн карта белекке берилген.
"Долбоор ишке киргенден бери бишкектиктер 140 миңге жакын көк стандарттык карталарды сатып алышты. 42 миңден ашык кызыл карталар жеңилдетилген категориядагы жарандарга берилди жана дээрлик 10 миңдей мектеп окуучулары жашыл карталарга ээ болду. Эми мектеп карталарын долбоордун сайтынан онлайн режимде алса болот. Ошондой эле биз жакында NFC технологиясынын жардамы менен төлөмдөрдү аралыктан жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн киргиздик. Эми виртуалдык картаны Android смартфондору аркылуу алып, жүрүү акысын төлөй аласыз. Ал 31-январга чейин акысыз", — деди Акматбеков.
Адис былтыр Бишкекте 1-марттан баштап муниципалдык транспортко жол кирени төлөө электрондук карталар аркылуу жүргүзүлө баштаганын эске салды.
Кесибим боюнча маркетологмун. Биринчи жеке ишимди баштаганда 21 жашта элем. Bugu Sweaters бренди менен бугунун сүрөтү түшүрүлгөн жемпирлерди сата баштагам. Алгач товарды сырттан келишим түзбөй эле акча жөнөтүп жиберип алданып калгам. Бул тууралуу Темирхан Жолонбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Бишкекте балдар кийими эки дүкөндө сатылып, франшизасы Кара-Балта, Балыкчы шаарларында да бар.
"Кайсы гана бизнес өнөктөш болбосун сөзсүз түрдө ал адам менен көрүшүп, келишимдин негизинде иштөө керек. Биринчи иш баштаганымда чоң суммадагы акчага алдап кетишкен. Алгач товарга келишими жок эле буюртма берип, акчасын төлөгөм. Кийимдерди көп күткөнүбүз аз келгенсип, сапаты да начар болуп чыккан. Ошондон кийин аны Кыргызстанда тигүүгө өттүк. Башында кардарлар бизде өндүрүлгөн продукцияга анча ишеним артпай жатышты. Себеби өлкөбүздө сапатсыз эле кийимдер чыгарылат деп ойлошчу. Тажрыйбанын аздыгынан улам убакыт менен каражатты кетирдик, бирок акыры рынокто өз ордубузду таба алдык. Эң башкысы өз убагында ачып, кайра өзүм жаптым. Үч жыл иштеп, продукцияны Казакстан, Өзбекстан, Россияга чейин экспорттодук. Ошентип 2020-жылдын башында бизнес-долбоорду сатып жибердим. Бул стартап мага көп билим, тажрыйба, күч-кубат берди. Эң негизгиси иштөөгө, чыдамкайлыкка, кулагандан кийин турууга үйрөндүм. Азыр беш жашка чейинки кичинекей бөбөктөрдүн кийимин өндүрүп жатабыз. Кездемеси Токмоктогу ишканада чыгарылат, фурнитуралары сырттан алып келинет", — деди Жолонбеков.
Ишкер ушул жылдын май айларында товарларын чет мамлекетке чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россиянын айрым шаарларында макулдашылбаган каршылык акциялары болуп өттү. Төмөндө окуянын урунттуу учурларын сунуштайбыз.
РИА Новости кабарлаганына караганда, Москвадагы Пушкинский аянтына чыккан митингчилер полицияны көздөй желим бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Укук коргоочулар аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Митингчилер ак сыр куюлган банканы ыргытып, ал тартип сакчыларына барып тийген.
Саламаттык сактоо департаменти "Социалдык мониторинг" тиркемесиндеги маалымат боюнча Пушкинский аянтындагы акцияда COVID-19 жуктурган 19 адам жүргөнүн кабарлаган.
Москвадагы макулдашылбаган акциянын айынан жол тыгын жаралганын Транспорт департаменти билдирди. Шаардык метрополитен митинг болуп жаткан аймактан 2,6 миң адам метро менен кеткенин кабарлаган. Аянттан 15 киши кармалып, кээ бирлери кайра коё берилген.Москвадагы макулдашылбаган митинг учурунда полициянын 39 кызматкери жабыркаганын РИА Новостиге укук коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди. Кийинчерээк РФтин Тергөө комитети полицейлерге карата зомбулук фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатканын маалымдады
Екатеринбургда болсо полиция кызматкерлери үн күчөткүчтөр менен акция макулдашылбаганын эскертип, элди тарап кетүүгө чакырышкан. Бирок топтошкон адамдар тартип сакчыларын көздөй кар жана түтүн чыгарган каражаттарды ыргыта баштаганда аларды сүрүп чыгарууга аракет жасашты. Кийин 14 киши кармалганы маалым болду.
Иркутскиде болсо 2,5 миңге жакын адам макулдашылбаган акцияга чыкканын шаардык администрациядан билдиришкен.
Владивостокто бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү фактысы боюнча эки кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө аракеттеринин негизинде ОМОНдун кызматкерине күч колдонгон адам табылган. Ал 28 жаштагы Владивостоктун жашоочусу экени аныкталды.
Мурманскинин борбордук аянтындагы макулдашылбаган акцияга 550гө жакын адам чыккан. Алар бир аз туруп эле тынч тарап кеткен.
Жума күнү АКШнын Россиядагы элчилиги 23-январда өтө турган макулдашылбаган акциялардын убактысын жана даректеринин тизмесин жарыялап, америкалыктарды ал жактарга барбоого чакырган. РФтин Тышкы иштер мининстрлиги мындай аракеттер Россиянын ички ишине кийлигишүү катары бааланарын айтты.
РФ ТИМинин өкүлү Мария Захарова америкалык кесиптештери Смоленск аянтында (Анда Россия ТИМинин имараты жайгашкан) жасаган ишине түшүндүрмө бериши керек болорун белгиледи.
Өзгөчө көңүл окуучуларга бөлүндү. Ата-энелерге балдарын акциядан "калкалоо" сунушталды.