Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүркулов: майып балдардын жөлөк пулун көтөрүү керек

Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бүгүнкү күндөгү майып балдарга берилип жаткан жөлөк пул эч нерсеге жетпей тургандыгын баса белгиледи.
Өмүркулов: майып балдардын жөлөк пулун көтөрүү керек

Майып балдарга берилип жаткан жөлөк пулдун көлөмүн жогорулатуу керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, I топтогу майып балдар айына 3 миң сом акча алышат.

"Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жөлөк пулу өтө эле аз. I топтогу майып балдардын жөлөк пулу 3 миң сом, II топтогулардыкы 2,5 миң сом болсо, III топтогулардыкы 2 миң сом. Бул эмнеге жетмек эле?" — деди Өмүркулов.

Эл өкүлү өкмөт бул маселеге көңүл бөлүү зарылдыгын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0