Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Молдалиева: тез татымдагы эттерден бруцеллез жугушу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын амбулатордук диагностика бөлүмүнүн дарыгери Нүргүл Молдалиева
Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын амбулатордук диагностика бөлүмүнүн дарыгери Нүргүл Молдалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын амбулатордук диагностика бөлүмүнүн дарыгери Нүргүл Молдалиева чала бышкан эттер кооптуу экенин баса белгиледи.
Молдалиева: тез татымдагы эттерден бруцеллез жугушу мүмкүн

Тез татымдагы эттерден бруцеллез жугушу мүмкүн. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын амбулатордук диагностика бөлүмүнүн дарыгери Нүргүл Молдалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Анан айтымында, бруцеллездун микробдорун өлтүрүү кыйынга турат.

"Айрым учурда гамбургер, шаурма жасаган жайларда эттен кан чыгып, чала бышканын көрүүгө болот. Бул эттер бруцеллез илдетин жуктурушу мүмкүн. Анткени аталган илдеттин микробу көпкө жашап, оңой менен өлбөйт", — деди Молдалиева.

Дарыгер көчөдө сатылып жаткан тамактардын көбү санитардык талапка жооп бербей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0