Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Атыканов: маршруткалардын баасы канча сомго көтөрүлөрү аныктала элек

© Sputnik / Максат ЭлебесовПресс-конференция "Общественный транспорт — культура вождения и наказание за ДТП"
Пресс-конференция Общественный транспорт — культура вождения и наказание за ДТП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов маселе шаардык кеңеште караларын баса белгиледи.
Атыканов: маршруткалардын баасы канча сомго көтөрүлөрү аныктала элек

Бишкекте коомдук транспорттун акысы канча сомго көтөрүлөрү азырынча белгисиз. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бааны көтөрүү боюнча сунуштар мурун эле түшкөн.

"Коомдук транспорттун кызмат акысын көтөрүү боюнча маселе жакынкы күндөрү каралат. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары да маселени кароого убакыт келип жеткенин айтып, сунуштарды алып келгиле дешти. Андыктан баа көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок качан, канча сомго көтөрүлөрүн азыр айта албайм", — деди Атыканов.

Ал аталган маселе боюнча жарандык коомдун активисттери катышкан тегерек столдор болуп, элдин пикири эске алынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0