Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Икрамов: орозонун 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөө сунушун колдоо керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамовдун архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Тазабек Икрамовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов демилгени кайрымдуулук фонду буга чейин көтөрүп чыкканын баса белгиледи.
Икрамов: орозонун 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөө сунушун колдоо керек

Орозо айынын 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөө боюнча сунушту колдоо керек. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, аталган демилгени кайрымдуулук фонду демилгелеп чыккан.

"Биздин өлкөдө майрамдар көп. Ар бир айда расмий, расмий эмес майрамдар болот. Алардын пайдалуусунан пайдасызы арбын. Мындан бир жыл мурун бир фонду орозонун 15-күнүн кайрымдуулук күнү деп белгилөөнү сунуштаган болчу. Чындыгында бул сунуш абдан жагымдуу жана таасирдүү", — деди Икрамов.

Эл өкүлү эртең орозонун 15-күнү экенин айтып, колунда барларды муктаждарга жардам берүүгө үндөдү.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын орозо календарынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0