Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асабидинов: карасам, бала куткарып калгыла деп кыйкырган тейде агып баратыптыр

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖитель села Кара-Бак Орозбай Асабидинов, спасший 12-летнего тонущего подростка
Житель села Кара-Бак Орозбай Асабидинов, спасший 12-летнего тонущего подростка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткенде өспүрүм баланы куткарып калган айдоочу тууралуу жылуу сөздөр айтылып, көптөр ага ыраазылыгын билдирүүдө.
Асабидинов: карасам, бала куткарып калгыла деп кыйкырган тейде агып баратыптыр

Жолдо кетип баратып, элдин чуулдап калганынан улам бирөө-жарым агып кеткенин түшүнүп, сууну бойлой айдадым. Карасам, бала "куткаргыла калгыла, куткарып калгыла" деп кыйкырып агып келе жатыптыр. Сууга аккан өспүрүмдү кантип сактап калгандыгын Баткен районунун тургуну Орозбай Асабидинов Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Асабидинов өз унаасына жүргүнчүлөрдү салып бара жатканда жол боюндагы чоң каналда агып бара жаткан баланы көрөт.

"Карасам бала агып келе жатыптыр. Куткарып калгыла деп жардам сурап, кыйкырган тейде агып келе жаткан экен. Эки ирет жетип, колунан кармап, тартып алайын десем, шыпырылып чыгып кетти. Дагы 1,5 чакырым аралыкка чейин автоунаа менен куушуп бардык да, анан алып чыктык", — деди Асабидинов.

Анын айтымында, бала өтүп бара жатканда көпүрө сынып кеткендиктен сууга кулаптыр.

Куткаргандан кийин баланы ооруканага жеткирип, врачтардын колуна тапшырып бергенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0