Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шайдуллаева: бешик ырлары боюнча сынак жакшы ырларды жаратат деп ишенебиз

© Фото / Чолпон АркабаеваОкумуштуу Топчугүл Шайдуллаеванын архивдик сүрөтү
Окумуштуу Топчугүл Шайдуллаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө баланын тарбиясына түздөн түз таасирин бере турган бешик ырларын жайылтуу боюнча жакшы иш башталды.
Шайдуллаева: бешик ырлары боюнча сынак жакшы ырларды жаратат деп ишенебиз

Кыргызстанда бешик ыры боюнча республикалык конкурс өтөт. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине окумуштуу, долбоордун жетекчиси Топчугүл Шайдуллаева айтып берди.

Ал иш-чаранын максаты элдик жана жаңы мыкты бешик ырларын чогултуу, жаратуу жана аларды эл ичине таратуу аркылуу бешиктеги наристелердин эртелеп өнүгүүсү үчүн көмөк берүү экенин айтты.

"Бала тарбиялап, чоӊойтуудагы маанилүү жагдайлардын бири болгон бешик ырлары барган сайын жоголуп баратат. Бүгүн миӊдеген наристелер бешик ырын укпай чоӊойууда. Адистер эне менен баланын, ата менен баланын ортосундагы өз ара мамилелерди канчалык жакын болсо, ошончолук баланын өнүгүүсү үчүн баа жеткис каражат экенин, бала тарбиялоодо чоӊ сапаттык секирик болорун белгилешкен", — деди Шайдуллаева.

Сынакты "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусу Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы жана Кыргыз радиосу биргелешип өткөрүүдө.

Бешик ырлардын конкурсу 2017-жылдын 10-июнунан 1-ноябрына чейин жарыяланды.

Шайдуллаева сынакка Кыргызстанда жашаган бардык чыгармачыл инсандар, энелер катыша аларын жана ырдын жазылган тилине чек коюлбастыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0