Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ашырбаев: Ошто күнүнө бирден бала сууга чөгүп каза болуп жатат

© Фото / Зульфия ТургуноваПресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев
Пресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Араван РИИБи "Алдын алуу" деп аталган рейд жүргүзүп, сууга түшүп эс алган балдарга жана ата энелерге эскертүү беришти.
Ашырбаев: Ошто күнүнө бирден бала сууга чөгүп каза болуп жатат

Ош облусунда бир жуманын ичинде 7 жаш бала сууга агып каза болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев аймактык кабарчыга билдирди.

"Жайкы сезон башталары менен күнүнө бирден адам ушундай кырсыктан каза болууда. Тагыраак айтканда, 30-майдан 8-июнга чейин үчтөн 17 жашка чейинки жети бала жана 35 жаштагы аял сууга агып каза болгон. Балдар каникулга чыгып күн да ысык болгондуктан баары сууга түшүп жатышат. Андыктан ата-энелерге балдарын кароосуз калтырбоого чакырабыз", — деди Ашырбаев.

Ал өткөн жылы жай мезгилинде аталган аймакта үч бала сууга агып каза болгонун кошумчалады.

Жүргүзүлгөн рейд тууралуу кененирээк маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0