Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытова: үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүүнү ишке ашырса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель министра труда и социального развития Лунара Мамытова
Заместитель министра труда и социального развития Лунара Мамытова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова демилге ишке ашса кедейчиликтин пайызы төмөндөй тургандыгын баса белгиледи.
Мамытова: үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүүнү ишке ашырса болот

Үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү демилгесин ишке ашырса болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, демилге ишке ашса кедейчиликтин пайызы төмөндөйт.

"Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үч жашка чейинки балдарга жөлөк пул төлөө демилгесин колдойт. Бир гана биздин министрлик эмес, өкмөт колдоого алды. Анткени балдарга жардам болуп, маалымкат алуу учурундагы коррупциялык тобокелчиликтер жоюлат. Анткени жөлөк пул алуу үчүн паспорт менен күбөлүк жетиштүү", — деди Мамытова.

Демилге ЖК депутаттарына таандык.

Жаңылыктар түрмөгү
0