Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сулайманкулов: Өзгөндө үй жайсыз калгандарга жер тилкеси бериле баштады

© Фото / Зульфия ТургуноваПресс-секретарь полпредства правительства в городе Ош Мидин Сулайманкулов
Пресс-секретарь полпредства правительства в городе Ош Мидин Сулайманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Курбу-Таш участогундагы 67 үй-бүлөгө сегиз сотых жер бөлүнүп, аларга чатыр тигилип берилди.
Сулайманкулов: Өзгөндө үй жайсыз калгандарга жер тилкеси бериле баштады

Өзгөндө жазында болгон жер көчкүдөн улам үй-жайсыз калган жарандарга жер тилкеси бөлүнүп бериле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов Sputnik Кыргызстандын аймактык кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, азыр 67 үй-бүлөнүн ар бирине сегиз сотыхтан жер бөлүнүп берилди.

"Жер көчкүдөн жабыркаган тургундарга Кароол, Кызыл-Октябрь, Төрт-Көл айыл аймактарынан жер тилкелери бериле баштады. Алгачкылардан болуп Курбу-Таш участогундагы 67 үй-бүлөгө сегиз сотыхтан жер бөлүнүп, аларга чатыр тигилип берилди", — деди Сулайманкулов.

Андан сырткары, ал үй-жайсыз калгандарды таза суу, жол жана электр энергиясы менен камсыздоо аракеттери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жакынкы аралыкта Аюу-Сай, Ничке-Сай айылынын тургундары Төрт-Көл айыл аймагына көчүрүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0