Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токтакунова: комуз мектебим ачылса арманым жок эле

© Sputnik / Жоомарт УраимовНародный артист СССР Самара Токтакунова
Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Самара Токтакунова 57 жылдан бери улуттук филармонияда эмгектенип, окутуучулук кесипти да аркалап келет.
Токтакунова: комуз мектебим ачылса арманым жок эле

Комуз метебин ачуу тууралуу ниети бар экенин, бул аракет каражаттын жетишсиздигинен ишке ашпай жатканын СССР Эл артисти, КР Эл артисти, залкар комузчу Самара Токтакунова Sputnik Кыргызстан агенттигине маек куруп жатып билдирди.

Кыргызстан эле эмес, СССРдин атын дүңгүрөткөн таланттуу өнөрпоз жолдошу Чалагыз Исабаев менен бир топ алгылыктуу эмгектерди ишке ашырганын белгиледи.

"Өзүмдүн атымдагы комуз мектебин ачсамбы деп ойлоп жүрдүм эле. Каражаттын айынан ишке ашпай жатат. Көзүмдүн тирүүсүндө ачып койсом, башкалар уланта бермек. Ушул кыялымды ишке ашырып алсам арманым жок эле. Филармонияда эмгектениме 57 жылдын жүзү болуртур. Эми ишимди жыйынтыктап эс алайын деп жатам. Сахна жаштыкты сүйөт. Улуу муун анда-санда сагынтып чыгып турсак жетиштүү", — деди Токтакунова.

Залкар талант Самара Токтакунова менен кеңири маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0