Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нуржан Ташполот кызы: телевидениенин ысыгынан да суугу көп болот

© Sputnik / Табылды КадырбековДиктор Нуржан Ташполот кызы маек учурунда
Диктор Нуржан Ташполот кызы маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алгачкы эфирин КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасында диктор болуп баштаган Нуржан Ташполот кызы учурда аталган каналда "Ийгилик сырлары" автордук берүүсүн алып барат.
Нуржан Ташполот кызы: телевидениенин ысыгынан да суугу көп болот

Журналист айым телевидениенин түмөн түйшүгү көп экенин, каалаган адам дароо экран алдына чыга албарын айтып берди.

"Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин түркология факультетин бүтүргөм. Бирок эл алдына чыгып, экрандан көрүнүүнү самап телевидениеге келгем. Дароо эфирге чыккан жокмун. Эки жыл штаттан тышкары кабарчы болуп текст жазганды, сюжет жасаганды үйрөнүп анан бара-бара диктор болдум. Бул кесипти аркалап кетиш кыйын экенин жон териң мен сезгенде анан билесиң. Кээде редактор жазган текстиңди ыргытып жиберип, бир күн кечке даярдаган сюжетиң белгисиз себептерден эфирден кетпей калчу", — деди Ташполот кызы.

Ал ошондой эле бир жылдары депутаттын кызы алып баруучу болом деп келип чыдабай жарым айда кетип калганын айтып, журналистика тармагы шык-жөндөмдү, талантты, эмгекти талап кылган кесип экенин баса белгиледи.

Алып баруучу Нуржан Ташполот кызы менен толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0