Колумнист Зулпидин Нурматовдун архивдик сүрөтү

Нурматов: Москвада "кайрымдуулук жарамазанын" айтуу дагы уланат

33
(жаңыланган 18:23 12.06.2017)
Мигранттар жекшемби күнү кыргыздар иштеген кафе, ишкана жана базарларды кыдырып "кайрымдуулук жарамазанын" айтып 55 200 рубль акча чогулта алышкан.
Нурматов: Москвада "кайрымдуулук жарамазанын" айтуу дагы уланат

Москвада эмгектенген кыргызстандыктар "кайрымдуулук жарамазанын" айтып, андан түшкөн каржататты мээ рагы менен ооруган Мухидин Ибрагимовдун ата-энесине беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан радиосуна уюштуруучулардын бири Зулпидин Нурматов билдирди.

"Уулкан деген карындашыбыздын демилгеси менен 15 адам чогулуп "кайрымдуулук жарамазанын" айтып, 14 жерге бардык. Баары кубануу менен кабыл алып колунан келген нерселерин берип жатты. Муну көргөн башка мекендештерибиз да чакырууда. Эки-үч күндөн кийин дагы уюштурабыз", — деди Нурматов.

Дарыгерлер 18 жаштагы Мухидинге мээнин рагы деген диагноз коюшкан. Ал бул илдет менен үч жылдан бери алышып келүүдө. Ага 13-май күнү Москвадагы клиникалардын биринде операция жасалган. Атасы Тажидин Ибрагимовдун айтымында, учурда ал жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек. Күнүмдүк дарылануусуна 1070 евро керектелүүдө. Буга чейин да ар кандай кайрымдуулук иш-чараларды уюштурулуп жалпысынан 700 миң рублга жакын каражат чогулган.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын орозо календарынан караңыздар>>

33
Белгилер:
Зулпидин Нурматов, кайрымдуулук, жарамазан
Тема:
Орозо — 2017 (33)
Тема боюнча
Москвада мигранттар "кайрымдуулук жарамазанын" айтып 55 миң рубль чогултушту
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев

Исаев: мас айдоочулар 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат

31
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев жол эрежесин бузгандарга жаңы кодекстерге ылайык кандай жоопкерчиликтер каралганын айтып берди.

1-декабрдан тарта иштей баштаган кодекстерге ылайык жол эрежесин бузгандарга 1000 сомдон 20 миң сомго чейин айып каралган. Ошондой эле коомдук иштерге тартуу жана административдик камоо дагы киргизилди. Бул тууралуу Тилек Исаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Исаев: мас айдоочулар 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартылат

Анын айтымында, кодекстерге ылайык ЖКККББнын кызматкерлери окутулууда.

"Жол эрежесин бузуудан улам көптөгөн кырсыктар болуп жатат. Ошондуктан аны сактоо эң негизги талап. Муну тескеген бир катар мыйзамдар бар. Анын ичинен укук бузуулар боюнча жаңыланган кодекси 1-декабрдан тарта иштеп баштады. Анда жол эрежесин бузган, айдоочулук милдетине кайдыгер караган жарандар үчүн тийиштүү чаралар камтылган. Бул мыйзам иштелип чыгып коомчулукка жарыялангандан баштап өздүк курамды окутуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Укук бузуулар кодексинде жол кырсыктарынын келип чыгышына себепкер болгон учурларды эске алуу менен ар кандай айыптар, административдик камоо жана 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу камтылган. Маселен, айыптардын көлөмү жол эрежесин бузуунун олуттуулугуна жараша 1000 сомдон 20 миң сомго чейин жетет. Мурда мас абалда автоунааны башкаргандарга 17 миң сом каралса, жаңы кодекстерде айыптан тышкары 30-40 саатка чейин коомдук иштерге тартуу, 3-5 сутка административдик камоо жоопкерчилиги каралган. Бул сот органдары тарабынан аныкталат. Айдоочу жол эрежесин бир нече ирет бузса, ошого жараша айыптардын көлөмү аныкталат. Мындан тышкары, жаран алкоголдук ичимдик ичкен башка жаранга унаасын берсе, айдоочуга, унаанын ээсине өзүнчө чара көрүлөт. Буга утурлай эле мерчемделген ылдамдыктан 20-40-60 чакырымга чейин ашырганына жараша көлөмү 1000 сомдон 7500 сомго чейинки айып чегерилет", — деди Исаев.

Ошондой эле ал айдоочу 10 жолу эреже бузганы аныкталса автоунаасы айып аянтчага коюла турганын кошумчалады.

31
Белгилер:
жол эрежеси, айдоочу, кодекс
Тема боюнча
Капотко чап жармашкан, сүйрөлгөн, жөөлөнгөн милиционерлер. Видео топтом
Манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев

Бакчиев: манасчылыкты кабыл алган соң оорудан айыктым

12
Манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев кантип манасчы болуп калганын баяндады.

Ушул өнөрдүн бардык эле ээси сыяктуу мен дагы 12 жашымда аян түш көргөм. Жаштыкка салып анча маани бербей жүрө бергем. Бирок түшүмө кайра-кайра баатырлар, Саякбай Каралаев кирип "манас айт" деп туруп алышты. Бул тууралуу Талантаалы Бакчиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Бакчиев: манасчылыкты кабыл алган соң оорудан айыктым

Анын айтымында, манасчы алгачкы жолу эл алдында 1986-жылы республикалык "Эл чыгармачылыгы" деген фестивалда манас айтып, биринчиликти багындырган.

"Орусча окуган ошол замандагы катардагы эле тестиер бала болчумун. Кой жайып жүрүп бир күнү аян түш көрдүм. Ошондон кийин эле "манас айт" деген аян түштөр жанымды койбой көп кире баштады. Этибар албай жүрүп 6-классымда окуп жатканда үч жыл катары менен оорудум. Жайкы каникулда балдар эс алууга кетсе мен ооруканада өткөрчүмүн. Бөйрөгүм ооруп, бел талыйт, дарыгерлер текшере келсе эле таза чыгат. Ушинтип кыйналып жүргөнүмдө башкы дарыгер мени "барып манасыңды айт, ошондо айыгасың, сен ооруган жоксуң" деп ооруканадан чыгарып койду. Ушул кишинин бул аракети мага таасир берди десем болот. Көрсө ал жөн гана хирург эмес, белгилүү манасчы Алмабек Тойчубековдун небереси экен. Өзү да өнөр ээси экен, бирок коммунист болгондуктан элге чыгып айтуудан тартынчу тура. Анан 1989-жылы Баку шаарында бүткүл союздук дастанчылардын фестивалы болду. Ал жакка мен манас айтып бардым. Фестивалда кыргыздын манасын алгач уккан адамдар да отурган экен. Ал жерден Абай Кунанбаевдин небереси Алма Кунанбаева деген этномузыка таануучу окумуштуу эже эпостон үзүндү айтып бүтүп чыга береримде, айланып-тегеренип, келип кучактап бетимден өөп, оозума түкүргөн. Кезегинде анын бул ырымын түшүнбөптүрмүн. Бирок мына ушул нерселер мага манасты таштабай алып кетүүмө чоң түрткү берген", — деди Бакчиев.

Ал бүткүл союздук фестивалда манасты ошол кездеги Азербайжан ССРинин маданият министри Полад Бүлбүл оглу да жылуу кабыл алганын кошумчалады.

12
Белгилер:
Талантаалы Бакчиев, Манас, эпос, аян
Тема боюнча
Ок жааган Кабулда манас айткан Уркаш Мамбеталиев. 31 жыл мурунку видео
Коронавируска кабылган бейтаптарды караган медик. Архивдик сүрөт

“Омикрон” менен пандемия аяктайбы? Вирусологдун божомолу

0
Буга чейин окумуштуулар жаңы штаммдын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Коронавирустун “омикрон” штаммынын пайда болушу менен COVID-19 илдети мурдагыдан жеңилирээк өтүп, кесепети дагы мурдагыдай оор болбой калышы мүмкүн. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Гамалея борборунун профессору, вирусолог Анатолий Альтштейн билдирди.

Адис ДССУнун бул вирус дүйнө жүзүнө жыл жаңырганга чейин жайылып кетет деген пикирине кошулбай турганын айтты.

"Жаңы жылга чейин жайылып кетүүгө үлгүрбөйт. Мисалы, "дельта" 2020-жылдын күзүндө пайда болуп, дүйнөнүн ар тарабына быйылкы жылдын май-июль айларында жетти. Андыктан “омикрондун” канчалык жугуштуу экенин азырынча так кесе айтууга эрте”, — деди Альтштейн.

Ошондой эле ал омикрондун кандай алсыз жактары бар экенин айтып, дал ушул штамм менен пандемия аякташы мүмкүн экенин божомолдоду.

“Штаммдын S-белогу 32 жолу мутация болгон. Бул өтө көп, демек, геному алсыз. Буга чейин жуктуруп алган 100 киши жеңил формада ооруп жатат, каза болгондор жок. Коронавирустан өлгөндөрдүн саны кадимки грипптен көз жумгандарга теңелип калганда пандемия бүттү деп айтсак болот. Бул жаатта алганда пандемия “омикрон” менен бүтүп калышы дагы ыктымал”, — деди вирусолог.

Анткен менен адис сөзүнүн соңунда бардыгы бул штамм улгайган адамдарга жеткенде гана белгилүү болорун кошумчалады.

Буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген. Окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.

0
Белгилер:
коронавирус, 'омикрон' штаммы, вирусолог, божомол
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды