Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шейшенов: "Учур" театрынын үнү өкмөткө жетпей койду

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Учур" театрынын директору жана көркөм жетекчиси Шаршенбек Шейшенов маек учурунда
Учур театрынын директору жана көркөм жетекчиси Шаршенбек Шейшенов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Учур" театрынын директору жана көркөм жетекчиси Шаршенбек Шейшенов бөлүнгөн имарат каралбай жатканын баса белгиледи.
Шейшенов: "Учур" театрынын үнү өкмөткө жетпей койду

"Учур" театрына берилген имарат каралбай жатат. Бул тууралуу аталган театрдын директору жана көркөм жетекчиси, КРдин эмгек сиңирген артисти Шаршенбек Шейшенов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, театрдын карамагына өткөн имаратта иштөө мүмкүн эмес.

"2010-жылы Чатыр-Көл кинотеатрынын имаратын бизге берилген. Ошондо өкмөттөн 3 миллионго жакын каражат бөлүнүп, ага оңдоп-түзөө иштери жасалды. Такыр каралбай калган имаратты оңдоо үчүн бул каражат жетишпейт экен. Абалы начар бойдон турат. Кышкысын иштөөгө мүмкүн эмес. Отургучтар жок болгондуктан төшөк салган учурубуз болгон", — деди Шейшенов.

Актер өкмөткө канча ирет кайрылуу болгону менен майнап чыкпай жаткандыгына нааразы пикирин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0