Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Артыкбаев: энергетика системасына жеке менчикти киргизүү керек

Жазылуу
Парламент депутаты электр энергиясын колдонуучуларда альтернатива болушу керек деген пикирде.
Артыкбаев: энергетика системасына жеке менчикти киргизүү керек

КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев мамлекеттик ишканаларды карап отура берүүгө болбой тургандыгын айтты.

Энергетика системасына жеке менчикти киргизүү керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ишканаларды карап отура берүүгө болбойт.

"Акыркы алты жылда энергетикалык коопсуздук маселеси чечилди. Бирок ушул менен кармалып турууга болбойт. Андыктан энергетика системасын жакшыртып, жалаң гана мамлекеттик ишканаларды карап отура бербей жеке менчикти киргизиш керек", — деди Артыкбаев.

Депутат электр энергиясын колдонуучуларда альтернатива болушу керек экендигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0