Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жамалдинов: акылдуу эсептегичтерди алгандан көрө айыл жергесине шарт түзөлү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов айыл жергесинде электр зымдары тартылган түркүктөр чирип жатканын баса белгиледи.
Жамалдинов: акылдуу эсептегичтерди алгандан көрө айыл жергесине шарт түзөлү

Акылдуу эсептегичтерди алуудан мурун айыл жергесине шарт түзүү керек. Бул тууралуу "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

"Акылдуу эсептегичтер сатып алынып, шаарда көмөк чордондор орнотулууда. Ал эми айыл жергеси эмне болот? Анткени айылдарда электр зымдары тартылган түркүктөр чирип, көмөк чордон жетишпей жатат. Акылдуу эсептегичтерди алгандан көрө айыл жергесине шарт түзбөйлүбү", — деди Жамалдинов.

Эл өкүлү насыяны максаттуу алуу керек экендигин да кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0