Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ормонов: депутаттарга делген батирде башка бирөөлөр жашап жатат

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК от фракции "Бир бол" Улукбек Ормонов
Депутат ЖК от фракции Бир бол Улукбек Ормонов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы өзүм билемдик кылып жатат деген пикирин билдирди.
Ормонов: депутаттарга делген батирде башка бирөөлөр жашап жатат

Анын айтымында, депутаттарга делген батирде башка бирөөлөр жашап жатат. Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов парламентте сүйлөп жатып айтты.

Депутаттын айтымында, ЖКнын иш башкармалыгы өзүм билемдик кылууда.

"Менин расмий катыма Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчисинин жообу келген. Анда депутаттарга делген бош батирлерде эч ким жашабай жатканы жазылат. Бирок, бир батирде 1,5 жылдан бери иш башкармалыктын кызматкери жашайт. Бул — өзүм билемдик", — деди Ормонов.

Эл өкүлү бул кадамга чара көрүлүшү керек деген талабын айтты.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина депутаттарга делген батирде жашап жаткан адам Апрель революциясынын баатыры экендигин, айла жок болгондуктан убактылуу күн кечирип тургандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0