Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жээнчороев: Бишкек — Чалдывар чек ара өткөрүү пунктунан өткөндөр кыйналууда

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жеенчороев Мирлан Канатбекович
Депутат Жеенчороев Мирлан Канатбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев чек ара кызматы көйгөйгө көңүл бурбай жатат деген ойдо.
Жээнчороев: Бишкек — Чалдывар чек ара өткөрүү пунктунан өткөндөр кыйналууда

Бишкек — Чалдывар чек ара өткөрүү пункту аркылуу өткөн жарандар кыйналышууда. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, өткөрүү пунктунда жарандарды жүк ташыгандардын артынан кетиришет.

"Аталган өткөрүү пунктунун ишмердүүлүгүнө нааразы болгондор көбөйүүдө. Бүгүн ашуудан жүрө албаган адамдар ушул жол аркылуу өтөт. Казак тараптан жүргүнчүлөрдү бат өткөрсө, кыргыз тараптан узакка созулган кезек. Анткени бизди жүргүнчүлөрдү жүк ташыгандардын артынан өткөрүшөт", — деди Жээнчороев.

Эл өкүлү кат жүзүндө кайрылууларга жооп болбой жатканына нааразы болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0