Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сагынбаева: ачуу тийген күн теринин рак оорусун пайда кылат

© Sputnik / Табылды КадырбековКосметолог Айнура Сагынбаева маек учурунда
Косметолог Айнура Сагынбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Косметолог Айнура Сагынбаева жай мезгилинде бир гана айымдар эмес, мырзалар да күндөн кантип туура сактанышы керектигин айтып берди.
Сагынбаева: ачуу тийген күн теринин рак оорусун пайда кылат

Жай мезгилинде күн ачуу тийгендиктен бетке сөзсүз күндөн сактай турган бет майларды сүйкөө керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине косметолог Айнура Сагынбаева билдирди.

Анын айтымында, күндүн зыяндуу нурлары бет терисинин рагын пайда кылышы ыктымал.

"Күн нурунан сактануу үчүн күндөн коргой турган бет майларды сөзсүз колдонуу керек. Аларда SPF деген жазуу болот. Ар бир айымдын косметичкасында жөнөкөй эле күндөн сактай турган бет май болсо ал анын эрте картаюусунун аз да болсо алдын алат. Күндүн зыяндуу А типтеги узун жана B типтеги кыска нурлары болот. SPF B типтеги кыска нурлардан сактайт. Анткени кыска нурлардан адамдын бетине сепкил, так, бырыш түшөт. Ал эми А типтеги узун нурлар бет терисинин рак оорусун пайда кылат. Ошондуктан бет майды алаарда жакшылап көңүл буруп, UVA жана UVB блок деген жазуусу барын алыш керек", — деди Сагынбаева.

Ошондой эле дарыгер туура тамактануу бетке чоң таасирин тийгизерин айтып, ага убагында кам көрүү да бырыштын алдын аларын эскертти.

Косметолог Айнура Сагынбаева менен болгон толук маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0