Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Окенова: акыркы жылдары Кыргызстанда кино тармагында массалык өсүш жок

© Sputnik / Табылды КадырбековИзвестный режиссер и продюсер Ырыс Окенова
Известный режиссер и продюсер Ырыс Окенова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ырыс Окенова "Ала-Тоо таңшыйт" музыкалык улуттук сыйлыкты уюштуруп, кино өнөрүнө ык алып, кыргыз маданиятынын бир бурчун көтөрүүгө аракет кылып келет.
Окенова: акыркы жылдары Кыргызстанда кино тармагында массалык өсүш жок

Кинолорду жеке студиялар жаратып жатканы менен мамлекеттик тарабынан тартылбай, Кыргызстанда массалык түрдө кино өнөрү өспөй жатат. Бул туурасында белгилүү режиссер жана продюсер Ырыс Окенова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек берип жатып билдирди.

"Жеке студиялар тарабынан кино тармагы өсүп жаткандыр. Бирок кыргыз киносунун мамлекет тарабынан өсүшүн байкай алган жокмун. Бир нече жыл мурда мен режиссерлукту аркалап, казактар менен кино тартмай болгонбуз. Бирок кино жаралбай калды. Себеби, казактардын сценарий боюнча талабы бизге ылайык келген жок", — деди ал.

Режиссер анткен менен азыркы кино өнөрүнүн абалына, дегеле маданиятка, айлана-чөйрөгө болгон коңшулардын сын-пикиринин жөнү бар деген пикирин билдирди.

"Тасманы тартуудан биринчи баш тарттым. Бир нече сөз болду. Ачык эле "шаарыңар таштанды, кино тармагыңарда жаңылануу, өсүш деген жок" деп шылдыңдагандай эле айтышкан. Намыстанганым менен алардын да айтканы чын да… Бизде көп иштер сөз жүзүндө калып жатпайбы", — деди Окенова.

Ырыс Окенова менен толук маекти Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0