Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Суранчиева: концерттен түшкөн каражатты согуш ардагерлерине бердим

© Sputnik / Данияр СандыбаевЫрчы Гулзинат Суранчиева маек учурунда
Ырчы Гулзинат Суранчиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрымдуулук концертинен түшкөн каражат согуш ардагерлерине берилди. Бул тууралуу аталган концерттин уюштуруучусу, белгилүү ырчы Гулзинат Суранчиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Суранчиева: концерттен түшкөн каражатты согуш ардагерлерине бердим

Анын айтымында, каражат чектелүү болгондуктан бир гана райондун ардагерлери тандалып алынган.

"Өткөн аптада кайрымдуулук концертин өткөрдүк. Концертке согуш ардагерлери жана шаар тургундары келип, маанайын көтөрүштү. Ал эми концерттен түшкөн каражат Ленин районундагы согуш ардагерлерине таратылып берилет", — деди Суранчиева.

Ал 200 миң сом каражат чогулганын айтып, бул каражат аз да болсо ардагерлерге жардам болоруна ишене турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0