Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турсунбеков: Ананьево айылындагы кырсыктын себеби тыкыр иликтениши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековПарламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун архидвик сүрөтү
Парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун архидвик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин төрагасы Чыныбай Турсунбеков каза болгондордун жакындарына көӊүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тиледи.
Турсунбеков: Ананьево айылындагы кырсыктын себеби тыкыр иликтениши керек

Ананьево айылындагы кырсыктын келип чыгышы тыкыр иликтениши керек. Бул тууралуу спикер Чыныбай Турсунбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде Ананьево айылынын Совет көчөсүндө газ толтуруучу жайда газ баллондор жарылган. Мындан үч адам каза таап, алтоо ооруканага жактырылган.

Чыныбай Турсунбеков каза болгондордун жакындарына көӊүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин тиледи.

"Ананьево айылындагы кырсыктан келип чыгышы тыкыр иликтениши керек. Ошондой эле бардык газ куюучу бекеттердеги техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышын дыкат текшерип чыгуу зарыл", — деди Турсунбеков.

Төрага ЖКнын тиешелүү комитетине Ананьеводогу окуяны көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0