Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыгулов: 100 граммдык алтын куймалары "Кыргызалтын" тарабынан жасалат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун архивдик сүрөтү
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов буга чейин бир ирет алтын куймалары Казакстандан жасалганын кошумчалады.
Абдыгулов: 100 граммдык алтын куймалары "Кыргызалтын" тарабынан жасалат

Белгилүү делген 100 граммдык алтын куймаларын "Кыргызалтын" мекемеси жасайт. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, алтын куймаларын сатуудан казынага 468 миллион сом түшкөн.

"Эң белгилүү делген 100 граммдык алтын куймалары "Кыргызалтын" мекемеси тарабынан жасалат. Бүгүнкү күндө 169 килограмм алтын куймасы сатылган. Алардын суммасы 468 миллион сомду түздү", — деди Абдыгулов.

Ал буга чейин алтын куймалары бир ирет Казакстанда жасалганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0