Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жапаров: Улуттук банк ЖК менен өкмөттөн көз каранды болбошу керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун архивдик сүрөтү
Бир Бол фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров учурда Улуттук банк жакшы иштеп жатканын кошумчалады.
Жапаров: Улуттук банк ЖК менен өкмөттөн көз каранды болбошу керек

Улуттук банк ЖК менен өкмөттөн көз каранды болбошу керек. Бул тууралуу "Бир Бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы кабыл алынган кодекстин негизги принциптеринин бири көз карандысыздык.

"Биз жакында эле Улуттук банк тууралуу кодекс кабыл алдык. Ошонун негизги принциптеринин бири анын көз карандысыздыгы. Негизи Улуттук банк өкмөт менен ЖКдан көз каранды болбошу керек", — деди Жапаров.

Эл өкүлү учурда УБ жакшы иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0