Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Медетбеков: кыргыз аскерлери Сириядан тажрыйба топтойт деген сөз жаңылыштык

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун архивдик сүрөтү
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Сириядагы согушта Кыргызстандын кызыкчылыгы жок экендигинин баса белгиледи.
Медетбеков: кыргыз аскерлери Сириядан тажрыйба топтойт деген сөз жаңылыштык

Кыргыз аскерлери Сириядан тажрыйба топтойт деген сөз жаңылыштык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз аскерлери Сирияга барган күндө да согушка катыша албайт.

"Кыргызстан менен Казакстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү үчүн парламенттин чечими керек. Эгер барып калса чакан топ гана барышы мүмкүн. Алар согушуш үчүн эмес, байкоочу катары гана бара алат. Алардын Сирияда согушка катышууга укугу жок. Андыктан Сирияга барып тажрыйба топтойт деген кеп жаңылыштык", — деди Медетбеков.

Ал Сириядагы согушта Кыргызстандын кызыкчылыгы жок экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0