Саясий серепчи Бакыт Бакетаевдин архивдик сүрөтү

Бакетаев: бир партиядан бирдиктүү талапкер чыгышы керек

69
(жаңыланган 18:11 30.06.2017)
Саясий серепчи бир партиядан бир канча талапкер чыкса алардын өтүшү күмөн деген пикирде.
Бакетаев: бир партиядан бирдиктүү талапкер чыгышы керек

Бир партиядан бирдиктүү гана талапкер чыгышы керек. Бул тууралуу саясий серепчи Бакыт Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анан айтымында, ыдырап жаткан партияны эч ким колдобойт.

"Спикер Чыныбай Турсунбековдун президенттикке аттануу боюнча айтып чыкканы жакшы. Бирок ыдырап жаткан партияны ким колдойт? Эл бирдиктүү партияны колдой тургандыгын унутпашыбыз керек. Андыктан партия бирдиктүү талапкерин көрсөткөнү туура болмок", — деди Бакетаев.

Серепчи бир эле партиядан беш-алты талапкер чыкса аларды колдоо күмөндүү экенин кошумчалады.

69
Белгилер:
шайлоо, серепчи, Бакыт Бакетаев
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо - 2017 (257)
Тема боюнча
ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков президенттикке ат салышышы мүмкүн
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев

Ишекеев: кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат иштетилбей турат

27
(жаңыланган 19:04 26.09.2020)
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев 2015-2020-жылдарга тилди өнүктүрүү боюнча бөлүнгөн каражаттар айрым тармактарда колдонулбай турганын айтты.
Ишекеев: кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн каражат иштетилбей турат

Ар бир беш жылда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча программа кабыл алынат. Анын алкагында 2018-жылы кесиптик окуу жайларды кыргыз тилиндеги окуу китептери менен камсыз кылуу үчүн 200 миллион сом каралган. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин каражат иштетилбей турат. Бул тууралуу Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кесиптик окуу китептерин чыгаруунун индикатору түзүлүп, ал өкмөт тарабынан бекитилген.

"2015-2020-жылдарга карата тилди өнүктүрүү боюнча иш планда кесиптик окуу жайларын мамлекеттик тилдеги китептер менен камсыздоого басым жасалган эле. Анын ичинде медициналык, техникалык жана көркөм өнөр, искусство жаатында китептер басылып чыкмак. 200 миллион сом каражат бөлүнүп, өкмөт иштелип чыккан индикаторду кабыл алган соң биз чоң көйгөйгө туш келдик. Көрсө, өлкөдө аталган тармактар боюнча талапка жооп бере турган, студенттер окуп билим алуусуна керектелүүчү окуу куралдарын жазып чыга алган адистер жок экен. Ошондуктан бул максаттар ишке ашпай калды. Аталган китептерди чыгарууга Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери жоопкерчилик алган", — деди Ишекеев.

Төрага бөлүнгөн каражат 2021-жылга ушул эле максатта которуларын кошумчалады.

27
Белгилер:
көйгөй, китеп, мамлекеттик тил, Назаркул Ишекеев
Тема боюнча
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты
Экономист Нургүл Акимова. Архивдик сүрөт

Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармакты тандоо зарыл

19
(жаңыланган 18:39 26.09.2020)
Экономист Нургүл Акимова ишкер болуу үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу айтып берди.
Экономист: бизнес жасоодо да жүрөккө жаккан тармагын тандоо зарыл

Бизнесмен болуу да кесип тандоо сыяктуу эле. Бирөөнүн кирешеси тууралуу угуп алып эле кызыга берген болбойт. Сөзсүз түрдө жасаган бизнесиң көңүлүңө төп келүүсү зарыл. Мындай пикирин Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Экономист: той берүү — ишкер үчүн коммуникациянын бир түрү

Анын айтымында, ишкерлик менен алектенген үй-бүлөдө тарбияланган бала бизнеске оңой аралашып кете алат.

"Ишкерлик жөндөм бардык адамда болот. Ал кайсы тармакта бизнес жасай алат, көңүлүнө эмне туура келет, ошону гана аныктап алуусу зарыл. Албетте, ишкер чөйрөдө чоңойгон баладан бизнесмендер көп чыгат. Анткени алар кичинекейинен аки-чүкүсүн  билет. Бирок кийин келип ишкерликке аралашып, ийгилик багындырууга да толук мүмкүнчүлүктөр бар. Башкысы - адам жүрөгүнө жаккан иштин түрүн тандоосу абзел. Эгер ал өсүмдүктөргө жакын болсо, ушул багытта кетсин, же  сулуулук индустриясы кызыктырат дейли, анда ошол тармакты караштырсын. Жөн гана башка бирөөнүн тапкан кирешеси тууралуу угуп алып бизнес жасоого киришкен адамды көп учурда жаңылыштык, жаза басуу күтүп турат. Бизнестин тили менен айтканда, банкрот. Бирок анын да пайдасы бар, себеби сабак алып, тажрыйба топтойт. Эгер жасап жаткан бизнесиң көңүлүңө жакса, мындай учурда кол куушуруп отуруп калбай, тескерисинче өжөрлүк менен уланта аласың ", — деди Акимова.

Экономист ийгиликтүү ишкер болуу үчүн ар дайым бизнестин ошол багытында билимин тереңдетип туруу зарылдыгын кошумчалады.

19
Белгилер:
ишкер, каражат, үй-бүлө, Нургүл Акимова
Тема боюнча
Казына менен капчык бош, бирок өлкөдө акча көп. Эки ача көрүнүшкө сереп
Ооруканада жаткан киши. Архив

Армения менен Азербайжандын чыры: калк арасында өлгөндөр бар

0
(жаңыланган 16:38 27.09.2020)
Маалыматка караганда, адамдар жашаган бир нече аймактарда, атургай Карабахтын борбору деп эсептелген Степанакерт шаарында дагы учкучу жок учуучу аппараттар аркылуу аткылоо болгон.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасындагы атышуулардан улам эки жаран каза таап, 50дөй киши жаракат алды. Бул тууралуу республиканын акыйкатчысына шилтеме берип Sputnik Армения агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, адамдар жашаган бир нече аймактарда, атургай Тоолуу Карабахтын борбору деп эсептелген Степанакерт шаарында дагы учкучу жок учуучу аппараттар аркылуу аткылоо болгон.

“Эки киши каза таап, 50 киши жабыркады. Алардын арасында балдар жана аялдар бар. Инфраструктура талкаланды”, — деп айтылат кабарда.

Украинада аскер учагы кулады. 23 адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу

Эске салсак, өткөн түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах республикасында жаңжал чыгып, таң аткыча аскердик кагылышууларга чейин жеткен. Эки өлкөнүн аскерлеринин Карабахтагы атышуусуна тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

0
Белгилер:
өлүм, атышуу, Чыр-чатак, Азербайжан, Армения
Тема боюнча
Армения менен Азербайжандын чатагы. Тараптардын бири аскердик абал жарыялады