Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогаазы уулунун архивдик сүрөтү

Токтогаазы уулу: зыяратчыларды ажы башчы көзөмөлдөп жүрөт

60
(жаңыланган 19:32 05.07.2017)
Быйылкы жылы Кыргызстандан ажылык сапарга 4585 адам бара турган болду

Ажыга барган зыяратчылар сөзсүз ажы башчынын көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогаазы уулу билдирди.

Анын айтымында, ажылык иштерин уюштурууда ар бир 50 адамга ажы башчы дайындалат.

"Ажылык сапарга барган зыяратчыларды сөзсүз муфтият тарабынан ажы башчы көзөмөлдөп жүрөт. Мисалы Мина шаарына качан барыш керек, Кабаа ташын качан айлануу керек, Арафат тоосуна канча убакытта барасың же болбосо зыяратчыларды мейманканага жайгаштыруу деген маселенин баары ажы башчынын мойнуна жүктөлгөн. Анда атайын жазылган программа болот да ошонун негизинде ал ажыга баргандарга көз салып, карайт. Ошол эле учурда ажыга барган адамдар миллиондогон адамдардын арасынан жоголуп кетпеши, мыйзам бузуп албашы үчүн ажы башчынын сөзүн угуп, баш ийгени дурус",— деди Токтогаазы уулу.

Эске салсак, быйылкы жылы Кыргызстандан ажылык сапарга 4585 адам бармай болду. Алар ыйык сапарга август айынын башында жөнөшөт.

 

60
Белгилер:
ажы башчы, көзөмөл, ажылык сапар, Мекке, Сауд Аравиясы
Тема:
Ажылык – 2017 (42)