Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ашырбаев: Ош облустук ИИБи эс алуу жайларындагы абалды тыкыр көзөмөлдөөдө

© Фото / Зульфия ТургуноваПресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев
Пресс-секретарь УВД Ошской области Жениш Ашырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайкы эс алуу жана туристтик сезон башталганына байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери эс алуу жайларды тыкыр көзөмөлгө алууда.
Ашырбаев: Ош облустук ИИБи эс алуу жайларындагы абалды тыкыр көзөмөлдөөдө

Бул иш чаранын эӊ негизги максаты жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу экенин Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

"Ички иштер министрлигинин атайын иш мерчеминин негизинде 1-июлдан баштап Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын райондук жана патрулдук милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери эс алуучу жайларга бөлүнүп, күнү-түнү көзөмөл жүргүзө баштады. 2017-жылдын 30-майынан 10-июлга чейинки мезгилде 11 өспүрүм сууга агып набыт болгон. Алардын сегизи 30-майдан 7-июнга чейинки аралыкта каза болушкан. Кырсыктардын алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик жана коомчулук менен биргеликте тынымсыз иш чаралар жүргүзүлүүдө", — деди ал.

Ашырбаев ошондой эле бул иш чаралар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жасалып жатканын кошумчалап, мындай аракеттер жай мезгили аяктаганга чейин уланарын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0