Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытов: өлкөнүн түштүгүнө аскерий база куруу идеясын колдойм

© Sputnik / Жоомарт УраимовКРдин коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьери, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов
КРдин коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьери, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьери, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов коопсуздук боюнча көйгөйлүү маселелер өлкөнүн түштүк аймагында экенин баса белгиледи.

Өлкөнүн түштүк аймагына аскерий база куруу идеясы туура. Бул тууралуу КРдин коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча мурдагы вице-премьери, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда терроризмге каршы күрөш натыйжалуу жүрүүдө.

"Учурда ЖККУга мүчө мамлекеттер чек араларын бекемдеп, терроризмге каршы күрөшүүдө натыйжалуу иштерди жасоодо. Кыргызстандын аскерлери жердеги операция учурунда террорчулардын таш-талканын чыгара алат. Бирок аларды эффективдүү жана бат жок кылуу үчүн аба күчтөрү керек. Андыктан өлкөнүн түштүк аймагына аскерий база ачуу демилгесин колдойм", — деди Мамытов.

Эске сала кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин Россияга болгон сапарынын алкагында журналисттерге жооп берип жатып Кыргызстандын түштүк аймагына аскерий база ачуу тууралуу оюн айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0