Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Камчыбеков: эркектер аялдарга караганда эки эсе көп калп айтышат

© Sputnik / Табылды КадырбековМилициянын подполковниги, верификатор Арсланбек Камчыбеков маек учурунда
Милициянын подполковниги, верификатор Арсланбек Камчыбеков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын подполковниги, верификатор Арсланбек Камчыбеков орто эсеп менен эркектер жылына 1900дөн ашуун жолу калп айтаарын баса белгиледи.
Камчыбеков: эркектер аялдарга караганда эки эсе көп калп айтышат

Эркектер аялдарга караганда эки эсе көп калп айтышат. Бул тууралуу Милициянын подполковниги, верификатор Арсланбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Белгилей кетсек, верификатор — адамдын мимикасы, кыймыл аракетинен калп же чын айтып жатканын билген адам.

"Адам баласы 10 мүнөттүн ичинде үч жолу, бир күндө 200 жолу калп айтат. Бул майда барат калп айтуу. Британиялык окумуштуулардын иликтөөсүнө ылайык, эркек киши жылына 1900дөн ашуун жолу калп айтса, аялдар 700дөн ашуун жолу жалган сүйлөшөт", — деди Камчыбеков.

Ал калп айтылып жатканда аялдардын ички туюму жакшы иштей тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0