Один из организаторов игр на лошадях в Алае Абдилла Ташбеков

Ташбеков: туристтерди тартуу максатында ат жана топоз оюндарынын фестивалы өтөт

55
Иш-чарада улак тартыш, кыз куумай, эр эңиш, топоз эңиш жана топоз жарыш боюнча мелдештер болот.
Ташбеков: туристтерди тартуу максатында ат жана топоз оюндарынын фестивалы өтөт

Алай районунда 22-июлда ат жана топоз оюндарынын фестивалы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына уюштуруучулардын бири Абдилла Ташбеков билдирди.

Анын айтымында, иш-чара бийик тоолу аймакка туристтерди тартуу максатында болот.

"Фестивалда ат жана топоз оюндары уюштурулат. Мисалга улак тартыш, кыз куумай, эр эңиш, топоз эңиш, топоз жарыш оюндары боюнча мелдештер өтөт. Андан сырткары, аркан тартыш, кол күрөш өңдү улуттук оюндар боюнча жарыштар пландалган. Аталган аракеттер Алай жергесине туристтерди тартуу максатында уюштурулууда", — деди Ташбеков.

Ал ошондой эле жергиликтүү тургундар учурда чет элдик жана кыргыстандык эс алуучуларды тосуп алууга даярдык көрүп жаткандыгын кошумчалады.

55
Белгилер:
туризм, улуттук ат оюндары, Кыргызстан
Тема боюнча
Июлдун соңунда "Оймо-2017" эл аралык фестивалы өтөт
Бишкектиктер түрлүү түстөгү боектордун фестивалына катышты
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов

Романов: абактан эрте бошотулган жарандарга социалдык көмөк көрсөтүлөт

27
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткандарга колдонулуучу пробациянын түрү тууралуу айтып берди.
Романов: абактан эрте бошотулган жарандарга социалдык көмөк көрсөтүлөт

Пенитенциардык пробация  – бул пробациянын төрт түрүнүн бири. Ал түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткандарга, жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулууга жана бир жылдын ичинде түзөтүү мекемелеринен бошотулууга тийиш болгондорго колдонулат. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, пенитенциардык пробацияланган кишини бошотууга даярдоодо ал кайра мыйзам бузбайбы, кылмыш кылууга муктаждыктары жокпу деген маселелер көңүлдө болот. Андан сырткары боштондукка чыккандан кийин социалдашуусу боюнча изилдөө жүргүзүлөт.

"Пенитенциардык пробацияда кишиге социалдык түрдүү жардамдар көрсөтүлөт. Мисалы, эгер жоголуп кетсе документтерин калыбына келтирүү, бара турган жери жок учурда коммерциялык эмес кабыл алуучу жайга жайгаштыруу, дарыланып жүргөн болсо аны улантуу үчүн медициналык мекемелер менен сүйлөшүү маселелери. Жумуш менен камсыз кылуу, ал тургай пенсияга документтерин тууралоосуна чейин жардам беребиз. Пробация кардардын тартибине жараша аталган программага өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилип турат. Белгиленген программанын кардар тарабынан аткарылышы же андан баш тартуусу түзөтүү мекемеси аны мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууну сотко сунуштаган учурда эске алынат", — деди Романов.

Ал жаран жазадан эрте бошотулган соң программада көрсөтүлгөндөрдүн аткарылуусу, жашаган дареги боюнча пробация органы тарабынан улантылып жана көзөмөлгө алынып турарын кошумчалады.

27
Белгилер:
пробация, социалдык жардам, кардар
Тема боюнча
Алымкожоев: наамы барлар эми генерал болууну көздөөдө
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу. Архив

Дамир уулу: 2020-жылга божомолдогон кирешенин 80 пайызынан кол жууйбуз

30
(жаңыланган 18:55 31.05.2020)
Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу коронавирустан улам Кыргызстандагы аталган тармак кандай өзгөрүүлөргө дуушар болорун айтты.
Дамир уулу: 2020-жылга божомолдогон кирешенин 80 пайызынан кол жууйбуз

2020-жылда туризм багытындагы экспорттун көлөмүн 700 миллион долларга жеткирүүнү пландадык эле. Тилекке каршы, пандемиядан улам анын 80 пайызы ишке ашпай кала турган болду. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы аталган багыттагы кызмат көрсөтүүдөн 613 миллион доллар түшкөн.

"Кыргызстан туризм тармагы өсүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кирип калган. Дүйнөдөгү белгилүү басылмалар көңүл буруп, нукура табиятты баалаган туристтердин кызыгуусун арттырган мамлекеттердин катарында жылдан-жылга эс алуучуларды тартуу мүмкүнчүлүгү жогорулап бараткан. Мисалы, 2019-жылы туристтик кызматтарды экспорттоодон 613 миллион доллар түшкөн. Мунун негизинде биз 2020-жылы аталган сумманы 700 миллион долларга жеткирүүнү пландап койдук эле. Тилекке каршы, коронавирус пандемиясынан улам бул максаттарыбыз 80 пайызга чейин ишке ашпай калуу алдында турат. Аба каттамдары жанданып, жолдор ачылган күндө да адамдар вирусту жуктуруп алуудан чочулап саякаттоосун белгисиз бир мөөнөткө жылдырып жатышат. Туристтердин арасындагы мындай психологиялык барьер канча убакытка созуларын азыр эч ким айта албайт", — деди Дамир уулу.

Аткаминер коронавирустан улам Кыргызстан "коопсуз эс алууга ылайыкташкан өлкө", " табият койнунда вирус жуктуруп алуу коркунучу жок эс ал" деген сыяктуу слогандарды иштеп чыгып, ошонун негизинде туристтерди тартуу идеялары каралып жаткандыгын кошумчалады.

30
Белгилер:
жоготуу, коронавирус, туризм, Максат Дамир уулу
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Азыгалиев: алтынды карап отура бербей, айыл чарбасын да өнүктүрүү зарыл
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова. Архивдик сүрөт

Оңдолгус ката! АКШдагы митингге тиешеси бар деп айыпталган Россия жооп берди

0
(жаңыланган 20:08 01.06.2020)
Захарова Американын шаарларында башаламандыкты тутантуу үчүн орустар тарабынан колдонулду делген социалдык тармактар "АКШда катталып, ошол жактан башкарыларын" эскертти.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШдагы башаламандыкка Россиянын тиешеси бар деп айыптоо маалыматтык манипуляциянын ыплас ыкмасы. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин Sputnik радиосу кабарлады.

Эскерте кетсек, ушу тапта АКШнын бир нече штатында массалык митингдер өтүп жатат. Башаламандык афроамерикалык Жорж Флойддун полиция кызматкеринин колунан ажал тапканынан кийин башталган. 40тан ашуун ири шаар акциялардан улам коменданттык саат киргизүүгө аргасыз болду.

Ал эми АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча экс-кеңешчиси Сьюзан Райс өлкө аймагында болуп жаткан митингдердин жана андагы талап-тоноочулук менен зомбулуктун артында Россия турушу мүмкүн деп айткан. Бирок сөзүнө эч кандай жүйө келтирбей, жеке тажрыйбасына таянып жатканын кошумчалаган.

"Райс айым! Өз убагында Сиздин партиялаштарыңыз силерге жакпаган нерсенин баарына Россияны күнөөлөй берүү стратегиясын ойлоп таап, олуттуу ката кетиришкен. Хилари Клинтон жана Барак Обаманын жалпы командасы АКШнын ички көйгөйү "сырткы" күчтөр, тагыраагы, Россиянын кийлигишүүсү менен курчуп жатат деп, буга өздөрү да бекем ишенип алышкан. Сиздер да бүгүн CNN журналисттери менен бирге жүйөсүз жалган маалыматтарды таратып ушул катаны кайталап жатасыздар. CNN каналына берген маегиңиздин өзү пропаганда", — деди Захарова Facebook баракчасынан.

Ал Американын шаарларында башаламандыкты тутантуу үчүн орустар тарабынан колдонулду делген социалдык тармактар "АКШда катталып, ошол жактан башкарыларын" эскертти.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп кырдаалды жөнгө салуу үчүн Улуттук гвардияны тартуу керектигин айткан.

0
Белгилер:
айып, митинг, өлүм, полиция, башаламандык, АКШ, ТИМ, Россия, Мария Захарова
Тема боюнча
ЖМК: АКШдагы башаламандыкта 4 миңдей киши кармалды
Жабырланган журналист. РФ элчилиги АКШнын мамдепартаментине нота кетирди