Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүралиева: фонтандардагы сууга түшкөндөргө ооруу жугат

© Фото / Эльмира АбдрахмановаСанитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Коммуналдык гигиена бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Сайрабүбү Өмүралиева
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Коммуналдык гигиена бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Сайрабүбү Өмүралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Коммуналдык гигиена бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Сайрабүбү Өмүралиева фонтанга түшүүгө тыюу салынганын билдирди.
Өмүралиева: фонтандардагы сууга түшкөндөргө ооруу жугат

Фонтандардагы сууга түшкөндөргө ооруу жугат. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун Коммуналдык гигиена бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Сайрабүбү Өмүралиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, фонтандардагы суу тазаланбайт.

"Фонтандардагы сууга түшүүгө болбойт. Анткени ал суу таза эмес жана текшерүүдөн өткөрүлбөйт. Бул боюнча тиешелүү тармактарга эскертүүлөр берилген. Ошондуктан ар бир фонтандын жанына түшүүгө тыюу салынаары жазылып турат", — деди Өмүралиева.

Ал ошондой эле фонтан суусуна түшүүдө ар кандай оруулар жугушу мүмкүн экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0