Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Камилов: Жапалакта арак саткандарга 50 миң сом айып салынат

© Sputnik / Зуфльфия ТургуноваЖапалак айылынын ак сакалдар сотунун төрагасы Жаныбек Камилов
Жапалак айылынын ак сакалдар сотунун төрагасы Жаныбек Камилов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапалак айылынын ак сакалдар сотунун төрагасы аталган чечим эл тарабынан кабыл алынгандыгына баса белгиледи.
Камилов: Жапалакта арак саткандарга 50 миң сом айып салынат

Оштогу Жапалак айылында арак саткандарга 50 миң сом айып салынат. Бул тууралуу Жапалак айылынын ак сакалдар сотунун төрагасы Жаныбек Камилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, Жапалакта абышка мас абалда кемпирине бычак сайып, өлтүрүп алган деп шектелүүдө.

"Каргашалуу окуядан кийин айылдагы сатылып жаткан арактарды жок кылып, мындан ары сатууга тыюу салуу демилгесин эл жактырды. Эгерде ушул чечимди бузса, анда жаза колдонулат. Ага ылайык 50 миң сом айып салынат", — деди Камилов.

Ал аталган чечим эл тарабынан кабыл алынгандыгын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0