Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Исмаилов: гречканын кабыгынан жаздык, отургучтарды жасап жатабыз

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"ЭКО-СОНУН" ишканасынын директору Айбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек учурунда
ЭКО-СОНУН ишканасынын директору Айбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"ЭКО-СОНУН" ишканасынын директору Айбек Исмаилов аталган буюмдар ден соолукка пайдалуу экенин айтты.
Исмаилов: гречканын кабыгынан жаздык, отургучтарды жасап жатабыз

Гречканын кабыгынан жаздык, отургучтар жасалууда. Бул тууралуу "ЭКО-СОНУН" ишканасынын директору Айбек Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Нарында өндүрүлгөн гречканын кабыктары ыргытылбай, андан керектүү буюмдар жасалууда.

"Гречканын кабыгынан жаздык, отургучтар жасалып жатат. Отургучтар простатит, геморрой ооруларына пайдалуу болсо жаздык баш ооруну басып, кан басымы жогоруларга жакшы", — деди Исмаилов.

Ал учурда гречканын кабыгынан төшөктөрдү дагы жасоону ниеттенип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0