Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыжапаров: "Саякбай" тасмасы аркылуу дүйнө эли манасчылык өнөрүн билгени турат

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер Эрнест Абдыжапаровдун архивдик сүрөтү
Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасы Эл аралык Монреаль кинофестивалына чакыруу алды
Абдыжапаров: "Саякбай" тасмасы аркылуу дүйнө эли манасчылык өнөрүн билгени турат

Кыргызга гана тиешелүү манасчылык өнөрдү эми "Саякбай" тасмасы аркылуу дүйнө эли көрө алат деген пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине фильмдин режиссеру Эрнест Абдыжапаров билдирди.

"Бүгүн Монреаль кинофестивалына чакыруу алдык. Ушинтип кыргыздардын өзгөчө дүйнөсүн дүйнөгө таанытабыз деп кубанып турган чагыбыз", — деди Абдыжапаров.

Тасманын басымдуу бөлүгү улуу манасчынын туулуп өскөн жери Тоң аймагында тартылган.

Буга чейин Канаданын Монреаль шаарында өткөн кинофестивалда Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" тасмасы калыстар тобунун атайын сыйлыгына, режиссерлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун "Ата керээзи" фильми "Алтын зенитке" ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0