Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыскулов: президенттик шайлоодо адамдын жүзү да идентификацияланат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Инфоком" ишканасынын кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Рыскулов
Инфоком ишканасынын кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Инфоком" ишканасынын кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Рыскулов адамдарды кол манжасы аркылуу идентификациялоо болбогон учурда гана жүзү идентификацияланаарын айтты.
Рыскулов: президенттик шайлоодо адамдын жүзү да идентификацияланат

Президенттик шайлоодо адамдын жүзү да идентификацияланат. Бул тууралуу "Инфоком" ишканасынын кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу бөлүмүнүн башчысы Жыргалбек Рыскулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы технологияны колдонуу менен кезекке тургандардын саны азаят. Анткени буга чейин кол тамгасы аркылуу маалыматы чыкпагандар кезек жаратып жаткан.

"Учурда президенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүүдө. Анын алкагында шайлоочулардын тизмектери такталып жатат. Буга чейин идентификациялоо бармактын жардамы менен гана болсо, эми адамдын жүзү менен да өткөрөбүз", — деди Рыскулов.

Адамдарды манжасы аркылуу идентификациялоо болбогон учурда гана жүзү идентификацияланаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0