Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыдырмышев: федерациянын ишин алып кете аламбы деп кооптонгом

© Sputnik / Данияр СандыбаевПрезидент WEF (World ertaymash Federation) Руслан Кыдырмышев
Президент WEF (World ertaymash Federation) Руслан Кыдырмышев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары "Кулатуу эр таймаш" спортунун деңгээли өсүп, чет мамлекетте WEF (World ertaymash Federation) аталышы менен ордун табууда.
Кыдырмышев: федерациянын ишин алып кете аламбы деп кооптонгом

Руслан Кыдырмышев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде федерациянын ишин алып кетүү жоопкерчилигинен кооптонгонун билдирди.

"Жетекчи болгонго чейин спортчуларга жардам берип келгем. 2011-жылы аралаш мушташтын бразилиялык версиясы "Валетудо" федерациясынын вице-президенти болгом. 2014-жылдын 3-октябрында "Кулатуу эр таймаш" федерациясына президентикке сунушташканда улуттук спортту дүйнөлүк масштабга чыгаруу оор иш деп жоопкерчилик алгым келген эмес. Айланадагы адамдардын ишеними мага күч болгондуктан акыры макулдугумду бердим" — деди Кыдырмышев.

WEF федерациясы 2,5 жыл ичинде 35 профессионалдуу беттеш өткөрүп, Sherdog аталышындагы белгилүү интернет-порталга катталган.

35 жаштагы белгилүү ишкер, меценат жана көп баланын камкор атасы Руслан Кыдырмышев менен болгон кызыктуу маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0